
Бокс боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Бусто-Арсицио (Италия) шаарында өтө турган дүйнөдөгү биринчи олимпиадалык тандоо турнирине катышат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Спорттук күрөш боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинен үч спортчу катышат:
- Өмүрбек Бекжигит уулу 80 килограмм салмакта;
- Эркин Адылбек уулу 92 килограмм салмакта;
- Бакыт Токтосун уулу +92 килограмм салмакта.
Белгилей кетсек, сынак 29-февралда башталып, 12-мартка чейин уланат.