Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.
Маалымдалгандай, жер титирөө кечээ, 28-февралда саат 19:15те орун алган. Анын очогу Предтеченка айылынан 2 чакырым түштүктө, Кара-Балта шаарынан 22 чакырым түндүк чыгышта, Бишкек шаарынан 45 чакырым түндүк батышта жайгашкан.
Жердин силкинүүсү Чүй облусунун Москва районунун Предтеченка, Сретенка, Кош-Дөбө жана Петровка айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Андан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.