Өлкөдө жалпы республикалык тестке онлайн каттоо башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдайт.
Министрликтин буйругуна ылайык, жалпы республикалык тестке бүтүрүүчүлөрдүн өз ыктыярынын негизинде каттоо 29-февралдан 4-апрелге чейин жүргүзүлөт.
Кошумчалангандай, каттоо 2023-2024-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрү үчүн окуп жаткан окуу жайларында жана мурунку жылдары бүткөн бүтүрүүчүлөр үчүн негизги жашаган жеринде жайгашкан райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүндө онлайн жүрөт.