Биз социалдык тармакта

Өлкөдө кызамыкка чалдыккандардын саны төрт миңден ашты

29-февралга карата Кыргызстанда кызамыкка чалдыккан адамдардын саны 4078ге жетти. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, илдетти жуктургандар Бишкек шаарында, Чүй жана Жалал-Абад облустарында арбын.

Бишкекте - 1 207, Ош шаарында - 226, Ош облусунда - 602, Баткенде - 100, Чүйдө -961, Жалал-Абадда - 803, Ысык-Көлдө - 65, Нарында - 46 адам.

Ооругандардын 85 пайызы он жашка чейинки балдар. Ал эми 20-30 жашка чейинки 196 адам, 30 жаштан улуу 162 адам кызамыкка чалдыккан.

"Республикалык иммунопрофилактика борбору кызамыкка каршы 27-февралда 264 миң 500 доза вакцина алынганын, ал үчүн мамлекеттик бюджеттен 21 миллион сом бөлүнгөнүн кабарлаган. Эмдөө илдеттин жайылышын алдын алуу максатында Жалал-Абад облусунда жүргүзүлөт. Эмдөөнүн экинчи этабы 9 айлык наристелерден тартып 7 жаштагы балдарга чейин эмделет", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан