ИИМ былтыр каржы пирамидасы боюнча канча адам жоопко тартылганын айтты

Өлкөдө былтыр каржы пирамидасы боюнча жалпы 358 кылмыш иши тергелген. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Билдиргендей, каржы пирамидасы боюнча 217 кылмыш иштин тергөөсү аяктап соттук кароого жиберилсе, 98 кылмыш ишине учурда тергөө жүрүп жатат. Алдамчылыктан жабыртарткандардын жалпы саны 350 адамдан көп болсо, келтирилген материалдык чыгым 68 миллион сомдон ашкан. Ал эми кылмыш иштери боюнча 40 адам жоопко тартылган.
Каржы пирамидасына байланыштуу кылмыш фактыларынын көпчүлүгү Бишкек шаарында, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында катталган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан