Борбор калаада түндө жол кырсыгы катталып, анда 4 киши жаракат алды. Бул тууралуу ИИББдин Жол кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан бүгүн, 19-декабрда билдиришти.
Маалыматка ылайык, 18-декабрда түнкү саат бирлер чамасында БМВ-530 үлгүсүндөгү унаанын 24 жаштагы айдоочусу Чүй жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинен Мерседес үлгүсүндөгү машина менен кагышып, андан кийин жол жээгинде турган зым карагайды сүзгөн.
Жол кырсыгынын кесепетинен БМВнын айдоочусу жана Мерседестеги 3 жүргүнчү ооруканага жеткирилген.