Биз социалдык тармакта

Былтыр балдар үчүн ишеним телефонуна күнүнө 211 чалуу болгон

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин "Балдар үчүн ишеним телефону 111" ыкчам кызматына былтыр 77,1 миңден ашык телефон чалуулары түшкөн. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.
Маалыматка караганда, былтыр күнүнө 211 чалуу же жети-сегиз мүнөт сайын бирден чалуу түшүп турган. Ал эми чалуулардын 30 пайызы балдардан болсо, калганы ата-энелерден болгон.
Чалуулар социалдык жардам көрсөтүү, үй-бүлөлүк чыр-чатактар, балдарга карата зомбулук көрсөтүү, мектеп рэкети жана башка маселелер боюнча болгон.
"Ар бир кайрылуу боюнча консультациялар жана сунуштар берилди. Зарыл болгон учурда кайрылуу компетенциясына кирген мамлекеттик органдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө жөнөтүлдү", - деп айтылат малыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан