Биз социалдык тармакта

Кыргызстанда 2023-жылы 12 миңден ашуун ажырашуу катталган

Өлкөдө 2023-жылы 45 миң 495 түгөй баш кошкон, ал эми 12 миң 552 ажырашуу катталган. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги маалымдады.

Ажырашуулардын саны 2011-жылга салыштырганда 3847ге көп. Маалыматка караганда 2011-жылы 56 миң 509 түгөй баш кошсо, ажырашкандардын саны 8705ти түзгөн.

Ошондой эле Кыргызстанда акыркы жылдары жаңы төрөлгөн балдардын төрттөн бир бөлүгү никеге турбаган энелердин балдары, башкача айтканда, нике каттоосу жок болгон. Жаңы төрөлгөн балдардын 51 пайызы ата-энесинин биргелешкен арызы боюнча, 49 пайызы энесинин гана арызы боюнча катталган.


                                            
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан