Баткен шаарында унаа оңдоочу жайлардан уурулук кылып жүргөнгө шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Милициянын маалыматына ылайык, Баткен шаарындагы унаа оңдоочу жайларда оңдотууга таштаган унаалардын аккумулятору жана башка тетиктери уурдалып жатканын билдирип Кадамжай, Баткен районундарынын тургундары арыз менен кайрылган.