Биз социалдык тармакта

Жаздын биринчи күнүндө аба ырайы кандай болот? 

Эртең, 1-март Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош облусунун айрым жерлеринде жаан, кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тоолорго кар түшөт. Айрым жерлерди туман каптайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5, айрым жерлерде -3…+2;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9, күндүз -1…+4;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…+4, күндүз 2…7;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 3…8;

Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз -2…+3 градус жылыйт.

Ал эми баш калаада жаан-чачын жаабайт. Туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6° суук, күндүз 2…4° жылуу болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан