"Электр станциялары" ишканасына караштуу Токтогул ГЭСинин №1 гидроагрегаты 5-марттан тарта реконструкцияга берилет. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, план боюнча аталган гидроагрегат 15-февралда реконструкцияга берилиши керек болгон. Бирок аба ырайынын төмөндөгөнүнө жана электр энергиянын тартыштыгына байланыштуу март айына жылдырылган.
Министрлик 2024-2025-жылдагы күз-кыш мезигилине чейин үлгүрүү үчүн реконструкция мындан кечеңдетилбеши керектигин белгиледи. Анткени оңдоодон өткөн соң аны кайрадан ишке киргизүү көп убакытты талап кылат.
Учурда Токтогул ГЭСинде 1320 МВт кубаттуулуктагы 4 агрегат иштейт.
Буга чейин ГЭСтин №4 жана №2 агрегаттары оңдоодон өтүп, станциянын кубаттуулугу жогорулаган. Азыркы пландалган №1 агрегаттын оңдоодон өтсө, анын кубаттуулугуна 60 МВт кошулуп, жалпы ГЭСте 1380 кубаттуулук болот.