Бүгүн, 29-февралга карата Токтогул суу сактагычында 7 миллиард 967 миллионн метр куб суу калды. Бул туурасында “Электр станциялары” ишканасынын сайтындагы маалыматта айтылат.
Белгилүү болгондой, суу сактагычка секундасына орточо 151 метр куб суу агып кирип, 799 метр куб суу агып чыгууда.
Кечээ, 28-февралда суу сактагычта 8 миллиард 145 миллион метр куб суу бар болчу.
Ал арада өлкөнүн энергетиктери электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууну эскертишүүдө.