Биз социалдык тармакта

Өлкөдө былтыркы жылы 146 миңден ашык балага сүйүнчү жөлөк пулу берилген

Кыргызстанда 2023-жылы 146 миң 633 балага 584 миллион сом жөлөк пул берилди. Анын ичинен үч эм жана андан көп төрөлгөн 28 балага 1 миллион 400 миң сом төлөнгөн. Бул тууралуу бүгүн, 29-февралда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, ымыркай төрөлгөндө “балага сүйүнчү” деп аталган жөлөкпул 4 миң сомду түзөт. Ал эми үч же андан көп төрөлгөн учурда 50 миң сом берилет.

"2023-жылы тогуз айда Кыргызстандын калкынын саны 92 миң 800 адамга көбөйгөн. Жыйынтыгында быйылкы жылдын октябрына карата өлкөдө элдин саны 7 миллион 130 миң адамга жеткен",-деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын 7 миллионунчу жараны Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында былтыр 19-октябрда төрөлгөн. Кыргызстан калкынын санынын өсүшү боюнча Борбор Азияда экинчи орунда турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан