"Токтогулда өз үйүндө табылган жансыз дене". Шектүүлөр изи сууй электе кармалды

Токтогулда киши өлтүрүүгө шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-февралда Жалал-Абад облустук милициясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 28-февралда саат 13:57 чамасында Токтогул районундагы үйлөрдүн биринде денесинде жарааттары бар, киши колдуу болуп каза тапкан 35-40 жаш чамасындагы эркек адамдын жансыз денеси табылган.

Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишинин бети изи сууй электе ачылып, шектүү катары Токтогул районунун тургундары 1984-жылы туулган А.Б., 1989-жылы туулган М.Г. жана Таластагы Бакай-Ата районунун тургуну 1988-жылы туулган О.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Шектүүлөр өздөрүнүн көрсөтмөлөрүндө 27-февралда саат 18:00 чамаларында Токтогул районундагы үйлөрдүн биринде спирт ичимдигин ичип отурушуп, сөз талашып уруша кетип, үчөөлөп, ошол жерде алар менен чогуу ичип отурган адамды сабап коюшуп, окуя болгон жерден кетип калышкандыктарын билдиришкен.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан