Жалал-Абадда 14 жаштагы Айбийке сабактан чыккан бойдон дайынсыз жоголду

Жалал-Абад шаарынын тургуну 2010-жылы туулган Орозмаматова Айбийке Расуловна үч күндөн бери дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал 26-февраль күнү саат 12:10 чамасында Спутник кичи районунда жайгашкан №9 Р.Санатбаев атындагы мектептен окуудан чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.
Учурда Орозмаматова Айбийке Расуловнанын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.
Өзгөчө белгилери: Бою 155-160 сантиметр, кашы, көзү, чачы кара узун, ак жүздүү, орто дене түзүлүштө.
Кийген кийимдери: Кара түстөгү куртка, кара түстөгү юбка, кара түстөгү бут кийим болгон.
Дайынсыз болуп жаткан Орозмаматова Айбийке Расуловна тууралуу кандайдыр бир маалыматыңыздар болсо төмөндөгү телефон номурлар аркылуу кабарласаңыздар болот: 102, (03722) 5-28-31, 0553 78 00 78, 0771 93 60 70.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан