Ошто терминалдан акча уурдаган шектүүлөр кармалды

Ошто терминалдан акча уурдаган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-февралда облустук милиция кабарлады.
Маалыматка ылайык, былтыр 23-декабрда милицияга Кара-Суу районунун 1986-жылы туулган М.С. аттуу тургуну арыз менен кайрылган.
Ал 22-декабрдан 23-декабрга караган түнү дүкөнүн белгисиз адамдар бузуп киришип, терминалдагы акчаларды, товарларды жана видеокөзөмөлдүн тартылган тасманы сактап туруучу түйүнүн (жесткий диск) уурдап кеткендигин айткан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (Уурдоо) ылайык кылмыш иши козгогон.
Шектүү катары Чүй облусунун 1994-жылы туулган Дж.Э. жана Бишкек шаарынын 1994-жылы туулган О.Э. аттуу 2 жаран Ош ОИИБинин кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынан кармалып, Кара-Суу РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Тергөөдө шектүүлөрдүн башка дүкөндөргө да киришип, терминалдан акчаларды уурдап жүрүшкөнү жана адамдарды алдап жүрүшкөнү аныкталган. Келтирилген зыян болжол менен жарым миллионду түзгөн.
Учурда тергөө амалдары уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан