Бишкекте баңгизат сатууга шектелген жаран кармалды

Бишкекте баңгизат сатууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-мартта Ленин РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 18-февралдагы рейд учурунда Юдахин көчөсүндө белгисиз адам өзүнүн жүрүм-туруму менен шектенүүнү жараткан. Жерине барган аймактык тескөөчүлөр 1999-жылы туулган Б.К. аттуу жаранды кармашкан. Ал өз ыктыяры менен кара түстөгү 10 даана термоусадокту өткөрүп берген. Алынган затка тиешелүү экспертиза дайындалып, натыйжада жалпы салмагы 8,173 граммды түзгөн параметилэфедрон аттуу психотроптук зат болуп чыккан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесине (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.
01.03.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан