Бүгүн, 1-мартта саат 06:22де кыргыз-өзбек чек арасында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту кабарлады.
Маалыматка караганда, анын очогу Керкиден айылынан түндүккө карай 5, Найман айылынан түштүк-батышка карай 8, Кызыл-Кыя шаарынан түндүккө карай 20, Ош шаарынан түштүк-батышка карай 60 чакырым аралыкта жайгашкан.
Кыргызстандын калктуу пункттарында жер титирөөнүн күчү Керкиден, Найман айылдарында 3 баллга чейин сезилген.