"Париж-2024": Жоламан Шаршенбековдун Олимпиададагы дагы эки атаандашы аныкталды

Кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбековдун быйыл Париж шаарында өтө турган жайкы Олимпиада оюндарындагы дагы эки атаандашы аныкталды.

Мексиканын Акапулько шаарында өтүп жаткан Панамерикалык квалификациялык турнирде 60 килограмм салмакта Олимпиадага лицензияны венесуэлалык Райбер Родригез менен кубалык Кевин де Армас утуп алышты.

Муну менен Олимпиадага грек-рим күрөшү боюнча катыша турган 16 балбандын 7өө белгилүү болду. Алар: 1. Жоламан Шаршенбеков (Кыргызстан);

2. Кеничиро Фумита (Япония);

3. Као Лигуо (Кытай);

4. Исломжон Бахромов (Өзбекстан);

5. Мехди Мохсеннежад (Иран);

6. Райбер Родригез (Венесуэла);

7. Кевин де Армас (Куба).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан