Башкы прокуратура милициянын подполковнигин кармады

Ички иштер министрлигинин ыкчам кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Аскер прокуратурасына А.Э. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызында ал ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкери К.М., С.У. жана Т.А. аттуу жарандар менен биргеликте анын BMW X7 унаасын белгисиз адамдар ээлик кылып алгандыгына чара көрүү жана автоунаасын кайтарып берүү үчүн 20 миң доллар опузалап пара талап кылып жатышкандыгын билдирген.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.

"Аскер прокуратурасы тарабынан УКМКнын кызматкерлеринин ыкчам коштоосунда жүргүзүлгөн ыкчам тергөө аракеттери менен 29-февралда Бишкек шаарынын Ахунбаев жана Бакаев көчөлөрүнүн кесилишинде ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкери, милициянын подполковниги К.М. жана анын тааныштары - ортомчулар С.У. жана Т.А. опузалап жаткан акчадан 4 миң доллар пара катары алган жеринен кармалышып, камакка алынышты", - деп билдиришти Башкы прокуратурадан.

Азыркы учурда кылмышка тиешеси бар башка жооптуу кызмат адамдарын аныктоо максатында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан