Биз социалдык тармакта

2022-жылдан бери өлкөнүн ирригациялык фондуна канча сом бөлүнгөнү айтылды

Өлкөнүн ирригациялык фондун жакшыртууга 2022-жылдан 2024-жылга чейин 6 миллиард 614,6 миллион сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Финансы министрлиги кабарлады.
Кабарлангандай, оңдоо-калыбына келтирүү иштерине жана жаңы ирригациялык курулмаларды курууга 5 миллиард 848,5 миллион сом бөлүнсө, жаңы атайын техника сатып алууга 766,1 миллион сом бөлүнгөн.
Бөлүнгөн каражатка 2 миң 331,7 чакырым сугат каналдары оңдолуп, 2 миң 746 даана гидротехникалык курулмалар жана 315 даана насостук станциялар оңдолгон.
"Баткен районунун Ак-Суу айыл аймагынын Бакай участкасынын тургундарын сугат суу менен камсыз кылуу максатында жаңы насостук станция ишке киргизилди. Ошондой эле Кадамжай районунун Р-1 дюкеринин курулуш иштери жана Чоң-Алай районунун Шибе-Жекенди каналынын курулушунун биринчи этабы аяктады. Бул объекттер белгиленген мөөнөттө бүткөрүлгөн жана бүгүнкү күндө жер пайдалануучуларга сезилерлик пайда алып келүүдө", -деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан