Кочкордогу автобекет мамлекетке кайтарылды

Кочкор районунда автобекет жана 0,72 гектар жер аянты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, райондук прокуратура тарабынан 51 миллион 264 миң сомго бааланган Кочкор айылындагы автобекет жер тилкеси менен жана мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен Ормон-Хан айыл аймагындагы 3 миллион 200 миң сомдук 0,72 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылган.
Текшерүүдө Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду жана Транспорт министрлиги тарабынан Кочкор айылындагы автобекетти "Н.О." жоопкерчилиги чектелген коомуна өткөрүп беришкени аныкталган. Ошондой эле Кочкор айыл өкмөтү менен Кочкор райондук архитектурасынын кызмат адамдары 0,72 гектар болгон жер тилкесин 6 жаранга жеке менчикке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз түрдө берип жиберишкендиги аныкталган.
"Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде автобекет жана жер тилкелер мамлекеттик менчикке кабыл алынды", -деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан