Биз социалдык тармакта

Жалал-Абадда 4 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 14 жаштагы кыз табылды

Жалал-Абадда 4 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 14 жаштагы Айбийке табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 1-мартта облустук милиция кабарлады.
Маалыматка ылайык, Айбийке Таш-Көмүр шаарынан табылган. Учурда аны Жалал-Абад шаарына милиция кызматкерлери алып келе жатышат.
Эске салсак, Айбийке 26-февраль күнү саат 12:10 чамасында окуудан чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан. Буга байланыштуу 29-февралда милици аны табуу үчүн коомчулукту көмөктөшүүгө чакырган маалымат тараткан.
"Маалымат ЖМК жана социалдык тармактарга жарыяланган соң кайдыгер эмес жарандардан Айбийке тууралуу маалыматтар милицияга келип түшкөн", -деп айтылат маалыматта.
Милиция кайдыгер карабай маалымат бөлүшкөн жарандарга ыраазычылык билдирет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан