Бишкекте лицензиясы жок букмекердик оюндар аркылуу жарандардын акчасын дайым уурдап турган деген айып менен эки чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-мартта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Билдиргендей, милицияга блогерлер өздөрүнүн баракчаларында жарандарды лицензиясы жок букмекердик оюндарга катышууга чакырган жарнамалык роликтерди активдүү жайылтып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Бул факты боюнча Октябрь райондук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 219-беренесине (Оюн-зоок ишин мыйзамсыз уюштуруу) ылайык кылмыш ишин козгогон.
Иликтөөдө лицензиясы жок букмекердик кеңселерге кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу аркылуу кызматтык иштерди жүргүзүп, жарандардын акчасын системалуу түрдө уурдоо менен алектенген 2002-жылы туулган Ж.М. жана 2004-жылы туулган Т.Д. аттуу чет элдик жарандар кармалган. Шектүүлөр жарандарды тартуу үчүн жергиликтүү блогерлерди пайдаланышкан.
"Ишкананы тинтүү учурунда акча каражаттары, документтер, электрондук алып жүрүүчүлөр, банк карталары жана кылмыш ишине тиешеси бар башка буюмдар алынган", - деп айтылат маалыматта.
Учурда жогорудагы кылмыш иштерине тиешеси бар башка адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу максатында бардык чаралар көрүлүүдө.