Бишкекте уурулукка шектелип 25 жаштагы жаран кармалды (видео)

Бишкекте уурулукка шектелип мурда бир нече жолу соттолгон жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда, январь айында Бишкек шаарынын Ч.Валиханов көчөсүндө токтоп турган Камаз үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын ичинен белгисиз адамдар 50 миң сомдук телефонду уурдап кетишкен.

Шектүү катары 1999-жылы туулган К.А. аттуу жаран кармалып, Октябрь РИИБинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Тергөөдө кармалган жаран ИИМдин каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турары аныкталган.

"Ал мурда бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Ал акыркы жолу ушул жылдын январь айында абактан чыгып, дароо эле эски ишин колго алган", - деп айтылат маалыматта.

Учурда анын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы такталууда.

01.03.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан