Бүгүн, 1-мартта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкек ШИИББинин Кайгуул кызматынын кызматкерлерине профилактикалык иш-чара өткөргөнүн кабарлады.
Маалыматка ылайык, 29-февралда УКМК кызматкерлери Кайгуул кызматынын аянтына келип, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга тиешеси бар инспекторлордун атын атап, аларды суракка алып кетишкен.
Атайын кызмат шектүү кызматкерлерге карата мыйзам чегинде чаралар көрүлөрүн билдирди.