Кыргызстанда өткөн суткада 12 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 3, Ош облусунда – 1, Чүй облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 2, Талас облусунда – 1 өрт болгон.
Белгиленгендей, тилсиз жоону өчүрүүгө жалпы 13 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.