Таласта облустук лицейдин кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Талас облустук лицейинин жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Талас облустук прокуратурасы тарабынан Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Талас облустук лицей комплексинде текшерүү жүргүзүлдү.

"Текшерүүдө, лицейдин жооптуу кызматкерлери 2019-2023-жылдар аралыгында кызматтын кызыкчылыктарына каршы кыянаттык менен пайдаланып, белгиленген айлык акыдан сырткары 1 млн 662 миң 337 сом акча каражатын эмгек акыны эсептөө китебине киргизбестен, өздөрүнүн банктык карталарына мыйзамсыз которуп алышкандыгы аныкталды", - деп айтылат билдирүүдө.

Жыйынтыгында облустук прокуратура тарабынан кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдарын жүргүзүү облустун ОИИБине тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан