Биз социалдык тармакта

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тоолуу аймактарда кар көчкү түшөрүн билдирди 

Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-марттан 3-мартка чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана түзүлгөн метеорологиялык кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунун 55-115-чакырымдарында, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымдарында, (Долон ашуусу), 353-357-чакырымдарында, (Кызыл-Бел ашуусу), Казарман-Ак-Тал-Чат унаа жолунун 42-44, 60-94-чакырымдарында (Кара-Гоо ашуусу, Ийри-Суу тилкеси), Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу), кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Ошондой эле жолдор тайгак болуп муз тоңот. Мындан улам унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан