Ош шаарында мыйзамсыз кумар оюндары өткөрүлгөн мекемелер аныкталды. Бул туралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шаардын бильярд клубунун ичинде жана базардын аймагында тиешелүү лицензиясы жок кумар оюндарын мыйзамсыз жүргүзгөн мекемелер, тактап айтканда, "Русский лото" лотерея оюндары уюштурулгандыгы аныкталды.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, ушул жылдын 29-февралында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде кумар оюндарын уюштуруучулары А.у.А жана У.K.A кармалган. Аталган жайлар мөөр басылып жабылганы кабарланды.