Биз социалдык тармакта

"Кар жаайт жана суук болот". 3-мартка карата аба ырайы 

Эртең, 3-мартта көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдирди.

Маалыматтарга ылайык, жолдор тоңголок жана тайгак болот.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…-5,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10, күндүз -2…-7,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -4…+1, күндүз -3…+2,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -2…+3,

Нарын облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…-6.

Ал эми Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5, күндүз 0…-2 градуска суук болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан