Париж: Акжол Махмудовдун Олимпиада оюндарында атаандаштары белгилүү болду

Балбан Акжол Махмудовдун Парижде өтө турган Олимпиада оюндарында дагы эки атаандашы белгилүү болду.

Белгилүү болгондой, ушул күндөрү Мексиканын Акапулько шаарында лицензиялык тандоо турнири өтүп жатат. Анын жеңүүчүлөрү Олимпиада оюндарына жолдомо алышат.

Олимпиада оюндарында Махмудов 77 килограмм салмакка чейинки категорияда күч сынашат. Бул категорияда Олимпиада чемпиону болуу үчүн жолдомону венесуэлалык жана кубалык балбандар да алышты.

Жалпысынан бул салмак боюнча Парижде 16 спортчу күч сынашат.

Учурда Акжол Махмудовдо, Азербайжандык Санан Сулейманов, Армениядан Малхаз Амоян, Жапониялык Нао Кусака, Өзбекстандан Арам Варданян, кубалык Пена Флорес Йосванис жана колумбиялык Куэро Муноз Алексисде олимпиадага жолдомо бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан