"Алгачкы жолу эмес". Мурас-Ордо жаңы конушунда 2 бала сууга чөгүп каза болду (видео)

Бүгүн, 2-мартта Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Мурас-Ордо жаңы конушундагы эки бала сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Ага ылайык, аталган конуштагы көлмөгө 5 жаш бала (аты-жөндөрү такталууда) музда ойноп жатып, сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.

"3 бала жергиликтүү тургундар тарабынан суудан чыгарылып, тез жардам кызматына өткөрүлүп берилген.

Тилекке каршы калган 2 баланын сөөгү куткаруучулар тарабынан суудан чыгарылып, Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Алдын ала маалымат боюнча, болжол менен 11 жаштагы О.У. аттуу кыз жана 9 жаштагы О.Н аттуу бала каза болгон", -деп айтылат билдирүүдө.

Жерине Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган.

Жергиликтүү тургундар мындай каргашалуу окуя биринчи жолу эмес экенин айтышты.

Мурас-Ордо жаңы конушунда 2 бала сууга чөгүп каза болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан