Бишкекте беш чабарман (курьер) алдамчылык боюнча кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдирди.
Башкармалыктан маалымдалгандай, акыркы күндөрү телефон аркылуу алдамчылык фактылары көбөйүүдө.
"Февралдын соңунда бир аялга белгисиз адам келини жол кырсыгына кабылганын айтып, чалган. Ал келиндин ишин оң жакка чечүү үчүн 100 миң сом жана 500 доллар алган. Шектүү каражатты курьерлик кызмат көрсөткөн таксист аркылуу алдыртканы аныкталды. Натыйжада таксист да көрсөтмө берген", - дешти ШИИБден.