Биз социалдык тармакта

"Айрым аймактарда кар жаайт". 4-мартка карата аба ырайы

Эртең, 4-мартта түнкүсүн Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй жана Ош облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Талас, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Күндүн биринчи жарымында Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Күндүн экинчи жарымында жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым жерлерде туман түшүп, жолдор тоңголок жана тайгак болот.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -4…-9 суук, күндүз -2…+3;

Суусамыр өрөөнүндө суук түн ичинде -20 градуска жетет, күндүз -6…-11;

Таласта түнкүсүн -7…-12, күндүз -4…+1 градус;

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түн ичинде -1…-6 градус суук, күндүз +2…+7 жылуу;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн-5…-10 суук, күндуз температура -3…+2 градуска жылыйт.

Борбор калаа Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы -5…-7° суук, күндүз + 2 градуска чейин жылышы ыктымал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан