Биз социалдык тармакта

Эскертүү! Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертти.

Кабарлангандай, 4-5-март күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана түзүлгөн метеорологиялык кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Алар:

  • Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымы;
  • Бишкек— Нарын — Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымы (Долон ашуусу), 353-357-чакырымы (Кызыл-Бел ашуусу);
  • Казарман — Ак-Тал — Чат унаа жолунун 42-44, 60-94-чакырымы (Кара-Гоо ашуусу, Ийри-Суу тилкеси),
  • Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-90-чак. (Чоң-Ашуу ашуусу) .

Министрликтен жолдор тайгак болуп, муз тоңорун баса белгилешип, айдоочулардын эсине унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын эскертишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан