
Эртең, 5-мартта Бишкектин үч конушунда суу болбойт. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
"5-мартта саат 9:00дөн 15:00гө чейин Энесай, Дордой - 1, Дордой - 2 конуштарындагы турак жайларда, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттык сактоо мекемелеринде жана башка социалдык, тиричилик жана өндүрүштүк объектилеринде ичүүчү суу берүү токтотулат", - деп айтылат билдирүүдө.
Белгилүү болгондой, суу "Энесай" суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.