Аймактык аэропорттордун курулуш иштери текшерилди. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аэропорттун жетекчиси Манасбек Самидинов иш сапары менен Ысык-Көл облусунда орун алган "Ысык-Көл" эл аралык аэропортуна барып жаңы курулуп жаткан аэробекеттин курулушу менен таанышты.
"Жаңы курулуп жаткан аэропортто курулуш иштери өз убагында аткарылууда. Анын курулушунун 80 пайызы бүттү. Аба ырайы жылыса, учуп-конуу тилкесинде - курулуш иштери кайра жанданат",- деп айтылат маалыматта.