Алдамчылыкка шектелген Бекзат Өмүрбеков эки айга камакка алынды

Бишкекте алдамчылыкка шектелип кармалган 32 жаштагы жаран Бекзат Өмүрбеков эки айга камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта Биринчи май райондук сотунан билдирди.

Маалыматка ылайык, сот анын бөгөт чарасын 3-мартта карап, 1-майга чейин тергөө абагына камакка алган.

Эске салсак, Бекзат Өмүрбековдун 2-мартта кармалганы маалым болгон. Биринчи май РИИБи ал дагы эки адам биргеликте бир жарандан жетекчилик кызматка ишке орноштурууну убадалап 50 миң доллар акча алып, из жашырып кеткенин, бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш ишин козголгонун кабарлаган.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан