
Бүгүн, 4-мартка карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 7 миллиард 753 миллион куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
"Суунун агып келиши секундасына 162 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 759 куб метрди түзүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.
Ал арада өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырууда.