Биз социалдык тармакта

Өкмөттүн жаңылыктарын жасалма интеллект окуй баштады (видео)

Министрлер кабинетинин www.gov.kg расмий сайтында жарыяланган пресс-релиздерди мамлекеттик тилде аудио форматта угууга болот. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Маалымдалгандай, өткөн жылы кыргыз тилинде жасалма интеллектти окутуу үчүн бюджеттин эсебинен суперкомпьютер сатылып алынып, кыргыз тилин таануу жана синтездөө боюнча алгачкы кадамдарды жасоого мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Ага ылайык, учурда мамлекеттик радиодо санариптик диктор жаңылыктарды кыргыз тилинде окуп жатат. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча иштерди улантууда. Министрлер кабинетинин сайтында кыргыз тилиндеги тексттик билдирүүлөрдү аудио форматка которуу мүмкүнчүлүктөрү иштелип чыкты.

Өкмөттүн жаңылыктарын жасалма интеллект окуй баштады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан