Бүгүн, 4-мартта Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан кабарлады.
Маалыматка караганда, зизала саат 12:22 чамасында Бишкек шаарында 3,5 баллга чейин сезилген. Зилзаланын очогу Казакстандын Алма-Ата шаарынан 40 чакырым түштүккө, Бишкек шаарынан 190 чакырым түндүккө алыстыкта катталган.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.