Алматыда катуу жер титиреп, сиреналар жаңырууда (видео)

Коңшу Казакстандын Алматы шаарында жер титиреп, адамдар көчөгө чуркап чыгышты. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазышууда.

Жер титирөө бүгүн, 4-мартта Бишкек уюактысы боюнча 12:22де болгон. Жер титирөөнүн күчү канча баллга жеткени так белгисиз, болжол менен 5,4 балл болгону айтылууда.

Жер титрөө болгондо шаарда сиреналар жаңырып, адамдар көчөгө чуркап чыгышкан.

Кыргыз сейсмология институтунун маалыматына караганда, жердин силкинүүсү Чүй облусунда да сезилген.

Маалымдалгандай, жер титирөө очогунда 6 баллга жетсе, ал эми Бишкекте 3,5 баллга чейин сезилген.

Алматыда катуу жер титиреп, сиреналар жаңырууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан