Биз социалдык тармакта

Өлкөдө бир аптада 231 мас айдоочу кармалган

26-февралдан 3-мартка чейин 21 миң 63 жол эрежесин бузуу катталган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымдашты.

Эреже бузгандардын ичинен:

- 251 айдоочу унаасын тиешелүү документи жок айдап жүргөн;

- 231 айдоочу ичимдик ичип рулга отурган;

- 75 айдоочу унаасынын терезесин мыйзамсыз караңгылаткан;

- 1015 жөө адам эреже бузган;

- 3 миң 187 айдоочу унаасын туура эмес жайга токтоткон;

- 2 айдоочу ээнбаштык жасап кармалган;

- 3 миң 600 айдоочу белгиленген ылдамдыктан ашыра айдаган;

- 2 айдоочу унаасына жасалма номур тагып алган;

- 12 миң 700 ар кандай эреже бузуулар болгон.

Ага ылайык, кармалган айдоочулардын дээрлик көпчүлүгүнүн унаалары айып короого токтотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан