Машыктыруучу, эл аралык класстагы спорт чебери, Исломидин Умурзаков 50 жашында каза болду. Мындай маалыматты Күрөш федерациясынан тастыкташты.
Машыктыруучунун эмне себептен каза болгондугу так айтылган жок.
Исломидин Умурзаков 1974-жылы 19-январда туулган. Ал эл аралык класстагы спорт чебери, грек-рим күрөшү боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатынын коло байге ээси болгон.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты маркумдун жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.