Ош облусунун Өзгөн районундагы жарым миллиард сомдук 5 гектар базардын бөлүгү мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта УКМКдан билдиришти.
Маалым болгондой, атайын кызмат тарабынан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-издөө иш-чаралары жана тергөө амалдары жүргүзүлдү.
Ага ылайык, натыйжада Өзгөн районунда иштеп жаткан базардын 5 гектар жер тилкеси жана 1000 чарчы метр административдик имараты менен бирге, ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылды.
Аталган объектинин базар баасы 470 миллион сомду түзөт.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.