Биз социалдык тармакта

"Күн жылуу болот". 5-мартка карата аба ырайы тууралуу маалымат 

Эртең, 5-мартта өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым жерлерде жолдор тоңголок, тайгак болушу күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4/9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй аймагында түнкүсүн -2…-7, күндүз + 3 … +8 градус,

Талас жергесинде түнкүсүн -4…-9, күндүз +2…+7 даража болсо,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…-8, күндүз +4 … +9га чейин жылыйт.

Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10, күндүз + 1… + 6,

Нарын жергесинде түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…-5.

Ал эми борбор калаа Бишкекте жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз +5…+7 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан