Жалал-Абадда опузалап талап кылууга шектелген 4 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта облустук милициядан билдирди.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад ОИИБге 27 жаштагы жигит арыз менен кайрылган. Ал 28-февралда саат 14:30 чамасында эки бей тааныш бала “Хундай солярис” үлгүсүндөгү унаага салып, “Сен үйгө уурулукка киргенсиң, бизге 100 миң сом таап келесиң” деп сабап, коркутушканын билдирген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.
29-февралда саат 19:00 чамасында кылмыш ишине шектелген 4 бала опузалап талап кылынган акчанын 15 миң сомун алып жатканда кармалган. Алар Жалал-Абад шаарынын тургундары 1991-жылы туулган Ю.Ф., 1994-жылы туулган А.А., И.В. жана 1995-жылы туулган И.И. экендиктери аныкталып, А.А. убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө амалдары уланууда.