Бишкекте гараждын жер төлөсүнө марихуана өстүрүп жүргөндөр кармалды

Бишкектеги гараждардын биринен марихуана өстүрүүчү баңги лабораториясы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта шаардык милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга Малдыбаев көчөсүндө жайгашкан гаражда белгисиз жарандар кара куурай өстүрүүчү лаборатория уюштурушкандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 288-беренесине (Баңгизат каражаттарын камтыган өсүмдүктөрдү себүү жана өстүрүү) ылайык кылмыш иши козголгон.

Жерине текшерүү ишетри жүргүзүлүп, гараждын жер төлөсүнөн баңги өсүмдүктөрүн өстүрүп келген жай табылган. Алынган баңгизаттардын жалпы салмагы 15 килограммды түзсө, колдонууга даяр баңгизаттын баасы 2 миллион сомдон ашык болгон. Ошондой эле баңги өсүмдүктөрүн өстүрүүчү атайын жабдыктар, ультрафиолет лампа, 7 даана өлчөмүндөгү белгисиз заттар салынган бөтөлкөлөр табылган. Тинтүү иштерине атайын даярдалган издөөчү ит дагы тартылган.

Тинтүү шектүүлөрдүн биринин жашаган жерине дагы жүргүзүлүп, ал милицияга өз ыктыяры менен салмагы 37 граммды түзгөн кара куурайдын өзгөчө жыты бар жашыл түстөгү затты берген.

Шектүү катары 1999-жылы туулган З.Р. жана 1993-жылы туулган Т.У. атуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда керектүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.

04.03.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан