Кара-Сууда унаалардын тетиктерин уурдоо менен шугулданган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта Ички иштер министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 25-февралда Кара-Суу РИИБине К.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал оор жүк ташуучу унаасынын 2 даана аккумуляторун уурдатып ийгенин билдирген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, шектүү катары Кара-Суу районунун тургундары 1994-жылы туулган Р. уулу Т., 2005-жылы туулган О. уулу Р. жана Ысык-Көл облусунун тургуну 2004-жылы туулган С.Б. аттуу жарандар кармалды.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүүлөрдүн ушул сыяктуу ондон ашык кылмыштарды жасагандыгы аныкталды.
Учурда шектүүлөрдүн башка кылмыштарга тиешеси бардыгын аныктоо боюнча ыкчам-тергөө амалдары уланууда.